ОшМУда Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата кароо сынак өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата кароо сынак өттү

Image

Кароо сынак студенттердин арасында уюштурулду. Катышуучулар Р.Абдыкадыровдун ырларын аспаптын коштоосунда (аккордеондо) жана жандуу үн менен аткаруу, ырдоо, чыгармачылыгы тууралуу эссе жазуу боюнча күч сынашты.  
Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аспаптын коштоосунда аткаруу боюнча 1-орунду Искусство факультетинин магистранты Сүйүнтбек Абдилатипов, эстрадалык жанрда аткаруу боюнча 1-орунду Физика-техника факультетинин студенти Нурислан Аскарбеков, эссе жазуу  боючна 1-орунду Гүлнур Бактыбек кызы ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана Рыспай  Абдыкадыровдун ыр жыйнак китептери тапшырылды.
Иш-чаранын максаты Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын, обондорун жаштарга жайылтуу менен бирге композитордун жазган обондорун мыкты аткарган аткаруучу студенттерди аныктап, аларга чыгармачылык колдоо көрсөтүү, чыгармачылык деңгээлин өнүктүрүүгө шарт түзүү.
2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин алдында "Рыспай Абдыкадыров" атындагы фонд түзүлгөн. 2020-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде "Рыспай Абдыкадыров" атындагы музейи ачылган.

Фото галерея