Студенттер өздөрүнүн жеке брендин иштеп чыгышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер өздөрүнүн жеке брендин иштеп чыгышты

Image

Искусство факультетинин 4-курсунун студенттери Айжан  Жунусалиева,  Самара  Рахманалиева жана Гульнур Зайнабидин кызы өздөрүнүн жеке "Саркеч" кийим брендин иштеп чыгышты.
Аталган факультеттин деканы Нурабидин  Маразыков студент кыздарга  колдоо көрсөтүп, атайын  конструктор, окутуучу Хатам Махмудовду  дайындаган. Ал кыздарга көмөктөшүп, алгач замандын талабына ылайыктап,  5 даана күрмө ( худи) тигип, даярдашкан. 
Дизайнер кыздардын  бири Самара Рахманалиева “Ар бир нерсе кичинекей нерседен башталат. Көптөн бери  бренд ачабыз деп пландап, максат коюп жатканбыз.  2021-жылы 30-ноябрында ойлорубуз ишке ашты. Брендке "Саркеч" деген наам ыйгардык. Бул ишти башында башташ биз үчүн аябай оор болду, бир топ кыйналдык. Азыркы тапта 100дөн ашуун күрмөлөрдү (худилерди) чыгара баштадык”, –дейт.
Учурда кыздар костюм жана текстиль искусствосу адистигинин 4-курсунда билим алууда.

Фото галерея