Окутуучулар ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталды

Image

 ОшМУда  факультеттер жана колледждер аралык  профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда спорттун 5 түрү боюнча спартакиада өттү.

Мелдештер 31-январдан 11-февралга чейин уланып, командалар волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча күч сынашты.

Спартакиаданын жыйынтыгында командалык эсеп боюнча 1-орунду индустриалдык-педагогикалык колледжи, 2-орунду медициналык колледжи, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары ээледи. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 10-февралда болуп, ага окуу жайдын ректору К. Кожобеков, Кесиптик бирлигинин төрагасы А.Саттаров, профессордук-окутуучулук курам катышты. Жеңишке жеткен командалар, мыкты оюнчулар окуу жайдын жана кесиптик бирликтин дипломдору, кубоктору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Спартакиаданын байге фонду 70 миң сомду түздү.

Профессордук-окутуучулук курамдын ден соолугун чыңдоо, дене тарбия жана спортту даңазалоо, жамааттын арасында достук мамилелерди, ынтымакты бекемдөөнү максат кылган спартакиада жыл сайын уюштурулуп келет.

Фото галерея