ОшМУда Эл аралык эне тил күнүнө карата конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Эл аралык эне тил күнүнө карата конференция өттү

Image

ОшМУда 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата окуу жайдын  мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын демилгеси менен  "Көп тилдүүлүк жана илимий-социалдык прогресс" аталышындагы кадимки жана онлайн форматтагы конференция өттү.

Конференцияда Бишкек ишкерлер клубунун директору, БААУнун окутуучусу, Жапониянын Васеда университетинин бүтүрүүчүсү 7 тилди эркин сүйлөгөн  Сейтек Качкынбаев “Көп тилдүүлүктүн глобалдашуу доорундагы артыкчылыгы, перспективалары", лингвист, эл аралык саясат таануучу, юридикалык антропология илимдеринин доктору, Германиянын Халле шаарында Макс-Планкил илимий изилдөө борборунун изилдөөчүсү, BIZ уюмунун ардактуу төрайымы Махабат Садырбек  “Көп тилдүүлүктүн билим берүү, илим тармагына тийгизген таасири, Европа мамлекеттеринин мисалында”, “Perspective” билим берүү борборунун негиздөөчүсү,  КРдин Билим берүү, илим министринин жана Бишкек шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов “Көп тилдүү жаштар үчүн чет мамлекеттерде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр. “Perspective” борборунун көп тилдүүлүктү үйрөтүүдөгү тажрыйбасы” деген темаларында баяндама жасашты.

Мындан  сырткары ОшМУнун окутуучулары, студенттери кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде көп тилдүү билим берүүдөгү маселелер, тажрыйбалар, баалуулуктар, артыкчылыктар баюнча ойлорун ортого салышты.  Конференциянын максаты эне тилди билүү менен башка тилдерди үйрөнүү бүгүнкү учурдун талабы экендигин ОшМУда пропагандалоо болуп саналат.

Фото галерея