ОшМУнун делегациясы Сивас Жумхуриет университетинде

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун делегациясы Сивас Жумхуриет университетинде

Image

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов баштаган  делегация Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинде тажрыйба алмашуу  багытындагы иш сапарда жүрүшөт

Делегациянын иш сапары Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыздын  кабыл алуусу менен башталды. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктары, алдыга койгон пландары боюнча пикир алышуу болду. ОшМУнун делегациясы Сивас Жумхуриет университетинин структуралык түзүмдөрү, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштери, окутууда кредиттик технологияны колдонуу усулдары менен таанышты. Андан сырткары студенттердин жана окутуучулук курамдын алмашуу программалары боюнча ар бир жетекчилик менен өз ара келишимдерди түзүү иштери боюнча макулдашуулар күтүлүүдө.

ОшМУ  Жумхуриет университети менен Эрасмус + программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылы ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Туркияга болгон иш сапарында  эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Фото галерея