Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Image

ОшМУда 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата иш-чара өттү.
Аталган иш-чара студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштарга урматтоо сезимдерин калыптандыруу, даңазалоо максатында студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору жана жана жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Анда КРнын гимни жаңырып, андан соң кыргыз элинин мекенчилдик ырлары таланттуу студенттердин аткаруусунда тартууланды.
Салтанатта ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстандын эң башкы символикаларынын, атрибуттарынын бири болгон Туу күнү менен куттуктады. Ошондой эле ар бир жаран үчүн туу ыйык, баалуу экендигин белгилеп, ар бир жарандын жүрөгүндө тууга болгон урматтоо сезими жашап туруу керектигин айтты.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М. Сыдыков.

Фото галерея