Айымдардын майрамына арналган волейбол мелдеши өттү

Башкы Жаңылыктар

Айымдардын майрамына арналган волейбол мелдеши өттү

Image

ОшМУнун кесиптик бирлиги 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата салтка айланган волейбол мелдешин өткөрдү.

Майрамдык мелдешке  факультеттерден 12 команда, колледждерден беш команда катышты.  Жыйынтыгында 1-орунду педагогика, психология  жана дене тарбия факультети, 2-орунду окуу жайдын администрациясы, 3-орунду табият таануу, туризм жана агрардык технология факультети ээледи. Ал эми колледждер арасында 1-орунду индустриалдык–педагогикалык колледжи, 2-орунду финансы – юридикалык колледжи, 3-орунду медициналык колледжи жеңип алышты.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар берилди.

Мелдеш профессордук-окутуучулук курамдын  ортосундагы достук мамилени чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду.

Фото галерея