Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан жаш тренерлер даярдалууда

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан жаш тренерлер даярдалууда

Image

3-5-март күндөрү ОшМУнун Достук, этностор аралык ынтымак жана толеранттуулук борборунун базасында 3 өлкөнүн жаш тренерлерине дебаттык турнирлерди жана дискуссиялык клубдарды өткөрүү боюнча бир катар тренингдер өткөрүлдү.
Тренинг Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоорунун алкагында болду. 
3 күн ичинде долбоордун эл аралык эксперттери катышуучуларга өз ойлорун билдирүү, командада иштөө көндүмдөрү жана маданияттар аралык диалогду түзүү боюнч билимдери менен бөлүштү.
Тренингден кийин жаш тренерлер долбоордун алкагында иштелип чыккан колдонмолордун негизинде дебаттык турнирлерди жана дискуссиялык клубдарды уюштурууну өз алдынча демилгелеп, “жаштан жаштарга” модели боюнча өз аймактарынын жаштары менен тренингден алган тажрыйбалары менен бөлүшүүлөрү пландаштырылган. Ошону менен алар үч өлкөнүн жаштарынын потенциалын жогорулатышат.
Иш-чара гибрид форматында өттү. Катышуучулар улут аралык диалог аянтчаларын илгерилетүү боюнча тажрыйба жана сунуштар менен алмашышты, ошондой эле бири-бирин өз аймактарынын маданий өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, Фергана өрөөнүнүн жаштарынын өз ара кызматташуусуна негиз түзүштү.

Фото галерея