Студенттер тарткан 4 кыска метраждуу кино көрүүчүлөргө сунушталды

Башкы Жаңылыктар

Студенттер тарткан 4 кыска метраждуу кино көрүүчүлөргө сунушталды

Image

Университеттин Киноакадемиясынын студенттери «Алма», «Тазалык», «Коррупция », «Художник» аттуу 4 кыска метраждуу кино тартып, көрүүчүлөргө тартуулады. Студенттер аталган кыска метраждуу кинолордун сценарийин өздөрү жазып, тартып, монтаждаган. Ошондой эле,  актердук курамды, режиссёрдук ишти өздөрү жасады.
Студенттер кинолорду 1 жумалык мастер-класстын жыйынтыгында даярдашты. Мастер-классты кино тармагынын дасыккан адистери Мурат Мамбектов, Адилет Акматов, Найзабек Сыдыков, Канат Асанакунов жана Эрнис Туленов өткөрдү. 
Тренерлерге киноакадемиянын ишин жакшыртууга, окуу жайдын кино тартуу тармагын өнүктүрүүдө ОшМУ менен тыгыз кызматташып студенттерге билим берүүгө кошкон салымы үчүн ректордун ыраазычылык каты тапшырылды. Ал эми активдүү катышкандыгы үчүн студенттердин баарына сертификаттар берилди. 
Алдыда студенттер алган билимдерин пайдаланып, өз алдынча кыска метраждуу кинолорду жаратып, республикалык, эл аралык сынактарга катышууга белсенишүүдө.

Фото галерея