“Ден соолук - 2022” спартакиадасында ОшМУ чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

“Ден соолук - 2022” спартакиадасында ОшМУ чемпион болду

Image

Ош шаарында жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларынын  арасында өтүп  жаткан “Ден соолук - 2022” спартакиадасында ОшМУнун окутуучуларынан куралган агайлар жана эжекелер командасы жалпы эсеп боюнча  I орунга ээ болушту.

Эркектер жана аялдар арасындагы турнирдин катышуучулары спорттун жети түрү боюнча: кичи футбол, стритбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол жана ордо оюну боюнча күч сынашты.

Мелдештердин жыйынтыгында ОшМУда эмгектенген эжекелерден куралган командалар спорттун бардык түрүнөн 1-орунду ээледи. Агайлардан куралган командалар тогуз коргоол, волейбол, шахмат боюнча 40 жаштан жогорку жана 40 жашка чейинки агайлардын ортосунда өткөн кичи футболдо  1-орунду, ордо, стол теннис боюнча  40 жашка чейинки агайлар арасында, волейбол боюнча 40 жаштан жогорку агайлар арасында  2-орунду, стол тенниси боюнча  40 жаштан жогорку агайлар арасында III орунду ээлешти. Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль, диплом менен сыйланып,  Ысык-Көлдө өтүүчү турнирге жолдонмо алышты.

Спартакиадага Ош шаарында жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларынан куралган сегиз команда катышкан. Мелдештер Ош технологиялык университетинин базасында өттү.

Фото галерея