Аспирантурадагы 100 адистикке лицензия берилди

Башкы Жаңылыктар

Аспирантурадагы 100 адистикке лицензия берилди

Image

ОшМУнун  аспирантурасына  илимдин 15  тармагы боюнча 100 адистикке  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп лицензия берилди.     

Учурда аспирантурада 300гө жакын аспирант окуп жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 117 окумуштууну түзөт. Анын ичинен 110 окумуштуу  – илимдин доктору, профессорлор, 7 окумуштуу −  илимдин кандидаты, доценттер.

ОшМУдагы 44 илимдин доктору, профессорлор, 5 илимдин кандидаты, доценттер аспиранттарга илимий жетекчилик кылат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 66 илимдин доктору, профессорлор,  2 илимдин кандидаты, доценттер илимий шакирттерди  даярдашууда. Илимий жетекчилердин арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана  мүчө-корреспонденттери бар.    

Аспирантура бөлүмү илимий-изилдөө жана илимий багыттагы иш-аракеттерди координациялоо, көзөмөлдөө, аткаруу  менен биргеликте аспирантураны, докторантураны уюштуруу  иш-чараларын ийгиликтүү жүргүзүп келет.

Лицензия берилген адистиктер

Фото галерея