ОшМУ Кытайдын 40тан ашуун ЖОЖдору менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Кытайдын 40тан ашуун ЖОЖдору менен кызматташат

Image

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети Эл аралык кытай тили күнүнө карата майрамдык салтанат жана кесипке багыт берүүчү “Ачык эшик” иш-чарасын өткөрдү. Салтанатка  окуу жайдын жамааты, студенттер,  Ош шаарындагы 15 мектептен, Ош,  Баткен облусунан 22 мектептен  500дөн ашуун мектеп окуучулары,  Ош облусунун аймагындагы кытай компанияларынын жетекчилери катышты.

Иш-чарада мектеп бүтүрүүчүлөрү жана коноктор факультеттин таланттуу окутуучулары жана студенттери тартуулаган концерттик программаларга, кытай элинин, маданий мурастары камтылган көргөзмөлөргө, билим берилген адистиктерге күбө болушту.

 “Учурда Кыргыз-Кытай факультети аркылуу окуу жайыбыз  Кытайдын 40тан ашуун ЖОЖдору менен байланышып, анын ичинде 20га жакын университеттер  менен кызматташуу келишимдерине кол койгонбуз. Филология адистиги боюнча  2+2 биргелешкен билим берүү программасы боюнча Кытайдын Ханькоу универстети менен келишимге кол коюлган. Студенттер ОшМУ жана Ханькоу  университеттеринин  дипломдоруна ээ болууга мүмкүнчүлүгү бар”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Андан сырткары жакынкы аралыкта Кыргыз-Кытай факультети кытай таануу, лингвистика багыттары боюнча Шанхай Жияотун университети менен келишимге кол коюу алдында тургандыгын кошумчалады.

Кыргыз-Кытай факультети кытай таануу, лингвистика жана филология адистиктерин даярдашат. Учурда факультеттин 28 сыймыктуу бүтүрүүчүсү  Дубайда, 20 бүтүрүүчү Орусияда,  бир бүтүрүүчү Америкада , үч бүтүрүүчү Кытайда эмгектенип жатышат. Андан сырткары окууну мыкты аяктап, билимин жогорулатып келген 10 бүтүрүүчү ОшМУ эмгектенишүүдө.

20-апрель – Эл аралык кытай тилинин күнү катары белгиленип келет.

Фото галерея