MER долбоорунун эксперттери Өзгөн эл аралык медициналык колледжи менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

MER долбоорунун эксперттери Өзгөн эл аралык медициналык колледжи менен таанышты

Image

MER долбоорунун эксперти профессор Бригита Скела-Савич, медайымдык билим берүү боюнча долбоордун координатору А. Мамбетова , ОшМУнун ЖОЖго чейинки жана орто кесиптик билим берүү боюнча проректору Т.  Эркебаев, медициналык колледждердин директорлору ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде болушту.

Коноктор  Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин материалдык-техникалык жана клиникалык базалары, клиникалык насаатчылар жана колледждеги окуу процесси менен жеринен таанышышты.

Медайымдык иши адистиги боюнча эксперименталдык программаны ишке ашырууга түзүлгөн шарттарды көрүп, Бригита Скела-Савич эксперименталдык окуу программага материалдык техникалык база дал келерин жана окуу процессин жүргүзүүгө  колледждин толук мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилеп, клиникалык насаатчылар жана окутуучулар үчүн семинар-тренингдер уштуруларын маалымдады.

Фото галерея