ЖАМУнун медицина факультетинин жамааты ОшМУда болушту

Башкы Жаңылыктар

ЖАМУнун медицина факультетинин жамааты ОшМУда болушту

Image

Делегацияны алгач ОшМУнун сырттан окуу боюнча проректору Т.Жумабаева тосуп алып,  окуу жайдын музейи менен тааныштырып, университеттин билим берүү, илим жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин деканы Гульбара Ташиева баштаган 15 адамдан турган делегация ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринде, Медициналык клиникасында, окуу, илим изилдөө лабораторияларында болушту. Медицина тармагында эмгектенген профессордук-окутуучулук курам  менен жолугуп, тажрыйба алмашышты. ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу да маалыматка ээ болушту.

Фото галерея