Делегацияны алгач ОшМУнун сырттан окуу боюнча проректору Т.Жумабаева тосуп алып, окуу жайдын музейи менен тааныштырып, университеттин билим берүү, илим жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин деканы Гульбара Ташиева баштаган 15 адамдан турган делегация ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринде, Медициналык клиникасында, окуу, илим изилдөө лабораторияларында болушту. Медицина тармагында эмгектенген профессордук-окутуучулук курам менен жолугуп, тажрыйба алмашышты. ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу да маалыматка ээ болушту.