Профессор Капар Зулпукаровдун 75 жылдык юбилейине арналган кече өттү

Башкы Жаңылыктар

Профессор Капар Зулпукаровдун 75 жылдык юбилейине арналган кече өттү

Image

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, ОшМУнун орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын профессору, Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору, ф.и.д., профессор Капар Зулпукаровдун 75 жылдык юбилейине арналган  "Агартуудагы аалым" аталыштагы  юбилейлик кече өттү.

Кечеге  ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев, белгилүү окумуштуулар Мамед Тагаев, Ибраим Абдувалиев, Николай Мурадымов, Жаанбай Элчиев, Гулина Жамгырчиева, Сурма Сейитбекова, Сабыркул Калыгулова баштаган  профессордук-окутуучулук курам,  студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө маараке ээси профессор Капар Зулпукаров тууралуу окумуштуулардын, кесиптештеринин, шакирттеринин ой-пикирлери айтылды.  Обондуу ырлар жаңырып, өмүрү, илимий, коомдук ишмердүүлүгү тууралуу видео баяндар көрсөтүлдү.

75 жылдык юбилейи белгиленип жаткан агай Кыргызстанда филологиялык илимди өнүктүрүүгө зор салымын кошуп, мектептер үчүн педагог-русисттерди, илимий кадрларды даярдап келет. Анын жетекчилиги астында илимдин 5 доктору, 26 кандидаты жалпы, салыштырма-типологиялык, орус, герман, кыргыз тил илимдери боюнча илимий иштерин коргошкон.

Мааракелик иш-чара №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Фото галерея