ОшМУ менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде 19-20-май күндөрү «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өттү. Форумга ОшМУдан атайын делегация катышты.
Анда “Мамлекеттик жаштар саясаты: жаңы көз караштар, мамилелер жана стратегиялар” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясында ОшМУнун 10 студенти баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында өткөн спорттук жана маданий иш-чараларда волейбол мелдешинде кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 2-орунду, мини футболдо 2-орунду, шахмат мелдешинде 2-орунду, “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунда ОшМУнун “”Мухит” командасы 2-орунду ээледи.
Делегацияны уюштуруучулар форумдун алкагында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улутттук академиялык драма театрында өткөн “Төлгө” спектаклине алып барышты. Андан сытркары форумдун катышуучулары Улуттук тарых музейине, “Супара” этно-комплексинде, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде да болушту.
Форум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналып өттү.