OshSU students took part in the forum

Main News

OshSU students took part in the forum

Image

ОшМУ менен И.  Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде 19-20-май күндөрү «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өттү. Форумга ОшМУдан атайын делегация катышты.

Анда  “Мамлекеттик жаштар саясаты: жаңы көз караштар, мамилелер жана стратегиялар” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясында ОшМУнун 10 студенти баяндама жасады.

Иш-чаранын алкагында өткөн  спорттук жана маданий иш-чараларда волейбол мелдешинде кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 2-орунду, мини футболдо 2-орунду, шахмат мелдешинде 2-орунду, “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнунда ОшМУнун “”Мухит” командасы 2-орунду ээледи.

Делегацияны уюштуруучулар  форумдун алкагында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улутттук академиялык драма театрында өткөн “Төлгө” спектаклине алып барышты. Андан сытркары форумдун катышуучулары Улуттук тарых музейине, “Супара” этно-комплексинде, И.  Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  да болушту.

Форум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналып өттү.

 

Photogallery