Студенттер HORECA SUMMIT 2022 OSH иш-чарасына катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер HORECA SUMMIT 2022 OSH иш-чарасына катышты

Image

20-майда Ош шаарында туризмге багытталган HORECA SUMMIT 2022 OSH иш-чарасы өттү. Ага  ОшМУнун Эл аралык программалар жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн “Туризм”багытынын студенттери ыктыярчы катары катышты.
Форумда спикерлер идеядан ишке ашырууга чейин ресторанды ишке киргизүү, мейманкана бизнесиндеги тобокелдиктерди башкаруу, кофенин сорттору, жеткирүүчүлөр, баристалар менен иштөө, жабдуулар, мейманканаларда оперативдүү ишмердүүлүк жана башкаруу алгоритмдерин системалаштыруу боюнча маалыматтары менен бөлүшүштү.
Студенттердин мындай масштабдагы иш-чараларга катышуусу мейманкана кызматкерлери жана рестораторлор менен байланыш түзүү, меймандостук индустриясындагы акыркы технологиялар жана баа жеткис тажрыйба менен таанышуу үчүн мүмкүнчүлүк болду.
Иш-чаранын уюштуруучусу HoReCa Club ассоциациясы Кыргызстандагы рестораторлордун жана мейманканалардын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөбүздө меймандостук индустриясын өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Фото галерея