Колледждин студенттери бизнес идеяларын презентациялады

Башкы Жаңылыктар

Колледждин студенттери бизнес идеяларын презентациялады

Image

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери баштапкы бизнес долбоорлору менен окуу жайдын ректору К.Кожобеков, инвестициялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Ж.Турсунбаев катышкан жыйында тааныштырды. Анда колледждин 2-курсунун студенттери Адилетсултан Кулакматов баштаган топ Ош шаарына роботизация жана IT  тармагын киргизүүгө багытталган “Робототехника “VS-Tech””,  3-курстун студенттери  Буурабек уулу Назарбек “Уюлдук телефондорду жана компьютерлерди техникалык жана программалык тейлөө”,  Мубина Хайтваева  “Тилдер боюнча окуу борборун түзүү”, Асель Кудайбердиева “Зер буюмдарды жасоо” багытындагы долбоорлорун презентация кылышты. 

“Робототехника “VS-Tech”” долбоорун иштеп чыккан студенттер бул тармакта ийгиликтүү тажрыйбаларга ээ экендиктерин айтышты. Алар сунуштап жаткан “Алмаз” долбоору өзүнүн ичине үйдөгү жардамчы, офистик жардамчы жана тамак-аш менен тейлөө кызматтарына сунушталарын белгилешти. Студенттер сунуштаган долбоор программалык жактан толук иштелип чыкты. Бирок каражаттык колдоого муктаж. Бул долбоор ишке ашса Ош шаарынын коопсуздугун камсыздоого көмөк кошот.

Студенттердин долбоорлорун угуп чыккан окуу жай жетекчиси  студенттердин инновациялык идеяларын ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирди.  ОшМУнун инновациялык инфраструктурасын кеңейтʏʏ, бизнес-инновациялык борборлорун тʏзʏʏ максатында ачылып иштеп жаткан бизнес инкубатордо өтүүчү иш-чарада презентация кылууга чакырды. Учурда мындай бизнес идеялар өлкө башчысы тарабынан да колдоого алынып жаткандыгын айтты.

Учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 1-2-курста “Ишкердүүлүккө киришүү” деген предмет окутулуп, студенттердин инновациялык идеяларын ишке ашырууга көмөктөшүп келет.

Фото галерея