“Корей тили жана маданияты” борбору адабияттар менен толукталды

Башкы Жаңылыктар

“Корей тили жана маданияты” борбору адабияттар менен толукталды

Image

ОшМУнун ректору К.Кожобеков, Бишкектеги Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Джэёнг, Эл аралык байланыштар департаментинин директору А.Абдувалиев, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин  деканы Р.Сагындыкова, окутуучулар, студенттер “Корей тили жана маданияты” борборунда жолугушту.

Анда Түштүк Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору борборго 7000 даана окуу  китептерин, эмеректерди тапшырды.  Корей тили адистигин өнүктүрүү багытындагы кызматташтыктар боюнча пикир алышып, студенттердин алган билимдери боюнча даярдаган презентацияларына күбө болушту. 

Борбор студенттердин корей тилин, корей  маданиятын, кыргыз тили менен корей тилинин окшоштук, өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө ылайыкталып ачылган.

Корей тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге ар семестрде окуунун жыйынтыгы боюнча Корей өкмөтүнүн стипендиялары ыйгарылып келет.  Студенттер 2-курстан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларынан I семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө   ээ.

Фото галерея