ОшМУ Орусиядагы 7 ЖОЖ менен кызматташуу келишимине кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Орусиядагы 7 ЖОЖ менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Урал федералдык университетинде Орусия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форуму башталды. Ага Орусиядан  60, Кыргызстандан 31 жогорку окуу жайдын ректорлору  катышып жатат. Иш-чара 8-9-июнь күндөрү өтөт.

Форумдун биринчи күнүндөгү иш-чаралардын алкагында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Россия мамлекеттик гуманитардык университети, И.М. Сеченов Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети,  Владимир мамлекеттик университети, Урал мамлекеттик экономикалык университети, Урал мамлекеттик агрардык университети,  Урал мамлекеттик медициналык университетиттери менен кызматташуу келишимдерине кол койду. Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Форум Орусиянын Ректорлор Союзу, Москва мамлекеттик университети, Россиянын Билим берүү жана илим министрлиги, КР ЖОЖдорунун ассоциациясы, Урал федералдык университети, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган.

I форум IX орус-кыргыз аймактар аралык конференциясынын алкагында  2019-жылы Бишкек шаарында  өткөн.

Фото галерея