ОшМУнун ректору региондор аралык IX конференцияда баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору региондор аралык IX конференцияда баяндама жасады

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Кыргыз-Россия региондор аралык IX конференциясынын алкагында  “Университеттердин эл аралык байланыштары – гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн куралы катары. Тажрыйба алмашуу – ЖОЖдор аралык байланыштарды чыңдоонун ачкычы” деген темада баяндама жасады.

Баяндамада  Эразмус+ , Мевлана (Түркия), DAAD (Германия) сыяктуу стипендиялык программаларды, ошондой эле Ханбан, Лубан (КЭР) жана башка кытай фонддору тарабынан каржыланган программаларды түзүү.  Айрым багыттар боюнча бирдиктүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу,  Биргелешкен билим берүү программалары үчүн бюджеттик орундарды бөлүштүрүү.  Биргелешкен билим берүү программалары  боюнча келишимдик негизде билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн окуу акысынын өлчөмү Кыргызстандагыдай эле өлчөмдө сакталуу сунуштарын айтты.

Ош мамлекеттик университети УШОС аркылуу Россиянын, Казакстандын жана Кытайдын ондогон университеттеринде магистрлердин академиялык мобилдүүлүгүн, Орусиянын ЖОЖдору менен бирдикте 15 багыт боюнча биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырып келет.

Фото галерея