ОшМУда « Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер» фестивалы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда « Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер» фестивалы өттү

Image

Фестиваль артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге окууга тапшырууну каалаган абитуриенттерге туура кесип тандоого багыт берүү максатында уюштурулду. Мындан сырткары  кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу негизги иш-аракеттерден болду.

Орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыт берүү иштери боюнча проректору Тажимамат Эркебаев, Студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Жылдыз Артыкова, КАДАСТ мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы филиалынын маалымат технологиялар бөлүмүнүн башчысы Орозалы Кыштобаев,  ИПКнын директору  Олжобай Шаимкулов, Кыргызстандын бардык аймактарынан 12 колледж жана лицейлеринен, Ош шаарындагы мектептерден өкүлөр,  студенттер, окуучулар катышты.

Коноктор колледждердин жана лицейлердин кесипке багыт берүүгө арналган  көргөзмөлөрү, адистиктер жана алдыңкы тажрыйба борборлору жөнүндө презентациялары, конкурстар, студенттердин мода көргөзмөлөрү,  колледждердин чыгармачыл жамааттары жана Кыргызстандын эстрада жылдыздарынын концерттерине күбө болушту.

Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Фото галерея