Магистранттар үчүн дицсиплиналар аралык комплекстик мамлекеттик экзамендер башталды

Башкы Жаңылыктар

Магистранттар үчүн дицсиплиналар аралык комплекстик мамлекеттик экзамендер башталды

Image

ОшМУда Магистратура жана PhD докторантура департаментинде дицсиплиналар аралык комплекстик мамлекеттик экзамендер башталды.

Бүгүн, 13-июнда Математика жана информациялык технологиялар факультетинин колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын колдонмо информатика магистрдик программасы боюнча дицсиплиналар аралык комплекстик мамлекеттик экзаменге “Үмүт” телестудиясы баш бакты. Аттесстациялык комиссиянын төрагасы ОшТУнун информатика кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Жоомарт Мамбетов жана комиссиянын курамы толук катышып жатат. 

Мамлекеттик аттесстацияга бардык даярдыктар көрүлгөн, комиссиянын курамы, магистранттар толук катышып жатат. 

“Экзамен салттуу билет тартуу жолу менен өтүп жатат. Билеттер алдын-ала окуу бөлүмү тарабынан бекитилген. Учурда магистранттардын мамлекеттик экзамендери башталса, 15-июлдан тартып бакалаврда билим алган бүтүрүүчүлөрүбүзгө башталат”,-деди факультеттин деканы Уланбек Сопуев.

Бүтүрүүчү магистранттар дицсиплиналар аралык комплексттик мамлекеттик экзамен тапшырып, квалификациялык жумуштарын коргошот.

Окуу жайдын  маалымат бөлүмү  бул иш-аракеттерди  жеринен чалдырылып турат.

 

 

Фото галерея