Нурислан Аскарбеков ОшМУнун жаштар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Башкы Жаңылыктар

Нурислан Аскарбеков ОшМУнун жаштар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Image

14-июнда университеттин студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна шайлоо уюштурулду.

Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин атынан дайындалган 295 делегат катышып, алар бюллетень аркылуу добуш беришти.

Шайлоо боюнча атайын комиссиянын курамында ОшМУнун кесиптик кошуунун төрагасы, КРсынын  Президентинин Ош облусу боюнча өкүлүчүгүнүн кызматкери, ОшТУ жана ОшМПУнун проректолору болду.

Шайлоонун жүрүшүндө алгач университетте 2 жыл аралыгында иш алып барган Жаштар кеңешинин төрагасы  Бектурсун Орозали уулу бул жылдар аралыгында аткарылган иш-аракеттер боюнча жыйынтык отчетун берди.

Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон физика-техника факультетинин 3-курсунун студенти Нурислан Аскарбеков 158 добуш менен Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна  шайланды.

Жобого ылайык ОшМУнун Жаштар кеңешине төрагасы же төрайымы кызматына 20 жаштан 30 жашка чейинки ОшМУнун студенттери, окутуучулары, магистранттары, аспиранттары катыша алат жана 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

 

 

Фото галерея