ОшМУда Лу Бань институту ачылат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Лу Бань институту ачылат

Image

ОшМУ менен КЭРдин Чжэцзян илим жана технология университетинин ортосунда 15-июнь күнү Кыргызстанда Лу Бань институтун ачуу боюнча меморандумга кол коюлду. Салтанатка   ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Чэн Цзянмин катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чжэцзян илимий-техникалык университетинин ректору Кыргызстанда Лу Бань институтун ачуу багытындагы маселе 6-февралдагы Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаровдун Кытай өлкөсүнө болгон расмий иш сапарында да  айтылгандыгын белгиледи. Өзгөчө маалымат технологиялары (IT) жаатында адистерди даярдоо замандын талабы экендигине токтолду. ОшМУнун ректору инстутунун ачылышы  Кыргызстанда маалымат технологиялары жана техникалык жааттагы адистерди даярдап чыгарууда аябай чоң өбөлгө түзөөрүн белгиледи. ОшМУ бул инициативаны ар тараптан колдоого алып,  Кыргыз-Кытай факультетинин базасында ишке ашырууга даяр экендигин маалымдады.  
Лу Бань институту дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ачылып, негизинен Кытайдын окуу жайлары менен бирге чет өлкөлүк окуу жайлар илимий-техникалык адистерди даярдап келишет.

Фото галерея