Кыргызстандагы куугунтук курмандыктарына арналган китеп жарык көрдү

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандагы куугунтук курмандыктарына арналган китеп жарык көрдү

Image

ОшМУда Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Жолдошбек Бөтөнөевдин “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары.  Архивдик документтердин жана материалдардын жыйнагы” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Саамалыкка Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулар, окутуучулар, студенттер катышышты.

Кечеде тарыхчы окумуштуулар “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары. Архивдик документтердин жана материалдардын жыйнагы” аттуу китеп тууралуу баяндама жасашып, ой-пикирлерин айтышты.

Китепте ХХ кылымдын 20-50-жылдар аралыгындагы Совет бийлигинин басмачылык кыймылга, кулакка тартуу саясатына жана саясий репрессияларга байланыштуу буга чейин жарыкка чыга элек ири көлөмдөгү архивдик документтер, материалдар жана башка маалыматтар биринчи жолу берилген. Бул китеп ЖОЖдордун тарых адистигинин студенттерине, магистрлерине, аспиранттарына, докторанттарына, тарыхчыларга жана жалпы окурмандарга арналган. Китеп 2022-жылы “Улуу тоолор” басмаканасынан жарыкка чыккан.

Китептин автору Жолдошбек Бөтөнөев Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын башчысы кызматында эмгектенип келет. Чыгыш таануу багыттарында изилдөөлөргө арналган 30дан ашуун окуу-усулдук колдонмолордун, 10дон  ашуун китептердин, 40тан ашуун илимий макалалардын автору.  

 

 

Фото галерея