Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева "Золотой эксперт" сертификаты менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева "Золотой эксперт" сертификаты менен сыйланды

Image

ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору, п.и.к., доцент Мейликан Алтыбаева "Ednet"  көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин "Золотой эксперт" сертификаты менен сыйланды.

Мейликан Алтыбаева 1974-жылдан бери математиканы окутуунун           методикасы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент,   кафедра башчы, профессордун милдетин аткаруучу катары кафедранын предметтери  боюнча лекция, практика, окуу-тарбия процессине тиешелүү жумуштарды жүргүзүп келет.

Ишмердүүлүгүндө 12 жыл математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы, 6 жыл окуу-информациялык департаменттин башчысы, 2008-жылдан бери  ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору кызматын аркалап келет.

Билим берүү, илим изилдөө жаатында 70тен ашуун окуу-методикалык материалдары басмадан чыгарылган. 1999-жылы “Орто мектепте математиканы окутуу”  студенттер үчүн окуу колдонмосу, 2018-жылы “Кесиптик билим берүүдө окутуунун натыйжаларын долбоорлоо” китеби жарык көргөн.

ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, «ОшМУ жарчысы»  илимий-методикалык жыйнагынын  психологиялык-педагогикалык илимдер сериясынын редколлегия мүчөсү, “Агартуу академиясы” коомдук фондунун президенти, EdNet , “Эл баасы”  жана “Росаккредагенство”  агенттиктеринин эксперти. 

Фото галерея