Ысык-Көлдө “Ден соолук” спартакиадасы старт алды

Башкы Жаңылыктар

Ысык-Көлдө “Ден соолук” спартакиадасы старт алды

Image

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Кыргыз денизи» санаториясынын спорттук базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасынын окуу  мекемелеринин кызматкерлеринин “Ден соолук” спартакиадасы старт алды.  Аталган иш-чаранын ачылуу аземи 21-июнда болуп, анда ОшМУнун намысын коргоо үчүн барган профессордук-окутуучулук курам бирдиктүү формада параддан өтүштү.

Спортчуларды ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров жетектеп барышкан.

Учурда 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку командалар ортосунда волейбол, баскетбол, футбол, шахмат, теннис, ордо, тогуз коргоол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдештер жүрүп жатат.  Оюндардын финалдык беттештери боюнча кийинки маалыматтарда кабарлайбыз.

20-июндан 26-июнга чейин өтүүчү “Ден соолук” спартакиадасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети менен биргеликте уюштурулган.

Окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз!

Фото галерея