ОшМУ Онсекиз Март университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Онсекиз Март университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Түркиянын Чанаккале шаарындагы Онсекиз Март университетинин англис тилин окутуу кафедрасынын доценти Куршат Жесур иш сапары менен ОшМУга келип ректор Кудайберди  Кожобековдун кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун алкагында эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Иш сапардын алкагында Куршат Жесур эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен дагы жолугушуп, пикир алышты. Анда “Сертификат” тил үйрөтүү платформасын ОшМУда ишке ашырууга, окутуучулар үчүн тренингдерди, студенттер үчүн курстарды өтүүгө кызыктар экендигин билдирди. Күндүн экинчи жарымында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова менен жолугушуп, кызматташуу аракеттерин талкуулады. 

Онсекиз Март университети Чанаккале шаарында 1992-жылы ачылган. Учурда  46 факультет жана коллеждери, 41 изилдөө борборлору, 4 институту, 12 кесиптик-техникалык билим берүү мекемелери бар. 

ОшМУ Түркиянын 50дөн ашуун окуу жайы менен кызматташып келет.

Фото галерея