Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат

Башкы Жаңылыктар

Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө буйругу чыкты.

Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:

- 2022-жылдын 5-июлунда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө;

- 2022-жылдын 7-июлунда 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө.

Министрлик бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараларды кечки жана түнкү мезгилдерде мектептин аймагында, оюн-зоок жайларда жана башка коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салат.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун аймагында окуучулардын укук бузууларын жана коопсуздук чараларын сактабаган, акча жыйноого жол берген мектеп директорлоруна, класс жетекчилерине жана мугалимдерге карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

Маалымат жана сүрөт  https://edu.gov.kg/posts/592/ баракчасынан алынды.