Илимпоздор, изденүүчүлөр үчүн семинар уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Илимпоздор, изденүүчүлөр үчүн семинар уюштурулду

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү профессор Толкун Урусова жана Эльмира Исмаилова ОшМУда семинар өтүштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан жаӊылыктар» аталышындагы семинарда УАКынын коомдук-гуманитардык, табигый, математикалык жана техникалык илимдерин аттестациялоо бѳлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.д., профессор Толкун Урусова баяндама жасады. Баяндамада  окумуштуулук даражаларды берүү тартиби, диссертациялык кеңеш, Окумуштуулук наамдарды берүү тартиби жөнүндө жоболор, диссертацияны жана авторефератты тариздөө боюнча маалыматтар камтылды.

Семинарга ОшМУнун, ОшТУнун, КӨЭУнин, БатМУнун  илимпоздору, изденүүчүлөр, аспиранттар катышты. Катышуучулар кандидаттык, доктордук диссертациялардын мазмуну, структурасы, авторефераттарга коюлуп жаткан талаптарга киргизилген өзгөрүүлөр боюнча суроолоруна жоопторду алышты.

Аталган семинарды ОшМУнун жана ЖАМУнун ректорлорунун демилгеси менен алгач ОшМУда,  андан кийин ЖАМУнун базасында өттү.

Фото галерея