Журналист, агартуучу Абдыганы Халилов ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Журналист, агартуучу Абдыганы Халилов ОшМУда болду

Image

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти Абдыганы Халилов ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасына   тунгуч гезит “Эркин Тоонун”  (азыркы “Кыргыз Туусу”) 1924-жылы жарык көргөн алгачкы санынын көчүрмөсүн   белекке берди.

Гезитти окумуштуу  Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынында өтүп жаткан журналистика адистигинин мамлекеттик экзаменинде төрага катары катышуу учурунда  тартуулады.  Анын журналистика адистигине арналган  “Журналисттик иликтөө” китеби да бар.

Андан сырткары окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, Маркетинг, коммуникация жана коомчулук менен байланыш борборунун маалымат бөлүмү менен таанышты.

Абдыганы Халилов “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти.

Фото галерея