ОшМУнун илимий журналдарынын ишмердүүлүгү OJS платформасында ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун илимий журналдарынын ишмердүүлүгү OJS платформасында ишке ашат

Image

ОшМУнун илимий журналдарынын  ишмердүүлүгү  Open  Journal  System (OJS) платформасына өткөрүлдү. Бул платформага журнал толук  киргенден тартып илимий журналдын  ишмердүүлүгү электрондошот. Башкача айтканда макаланы бергенден тартып, журналга чыкканга чейинки аракет электрондук негизде жүрөт. “Илимий журналды Scopus, Web of Science, PubMed, Google Scholar, WorldCat сыяктуу базаларга киргизүүнүн биринчи этабы журналдын электрондук сайтынын болушу.   Open  Journal  System (OJS) платформасына киргизүү менен биз ошол талаптардын биринчи кадамын аткарып жатабыз. Буга кошумча журналдын материалдары РИНЦке да киргизилүүдө”,-деди илимий иштер боюнча проректор Руслан Арапбаев.

 Open  Journal  System (OJS) платформасына учурда 25000ден ашуун эл аралык журналдар катталып, 450 000ден ашуун макалалар жайгашкан.

Окуу жайдын  Окумуштуулар кеңешинин дагы бир чечимине ылайык   “ОшМУнун Жарчысы” илимий журналы тематикасына ылайык 10 багытка бөлүндү. 2022-2023-окуу жылынан тартып илимий журналдар төмөнкүдөй аталыштарда жарык көрөт:

1. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника.  (Жооптуу редактору: ф.-м.и.д., профессор Сопуев А.С.)

2. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Экономика. (Жооптуу редактору: э.и.д., профессор Кулуева Ч.Р.)

3. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География. (Жооптуу редактору: г.и.д., профессор Низамиев А.У.)

4. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. (Жооптуу редактору: филос.и.д., профессор Шарипова Э.К. )

5. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология. (Жооптуу редактору: п.и.д., Келдибекова А.О.)

6.  Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология. (Жооптуу редактору: фил.и.д., профессор Зулпукаров К.З.)

7. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы.  Медицина. (Жооптуу редактору: мед.и.д., профессор Осумбеков Б.З.)

8. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы.  Укук. (Жооптуу редактору: ю.и.д., профессор Кулдушева Г.К. )

9. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы.  Тарых. (Жооптуу редактору: т.и.к., доцент Арстанов С.А.)

10. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы.  Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния. (Жооптуу редактору: айыл.ч.и.д., профессор Абдурасулов А.Х. )

Мында чечим кабыл алуунун себебин илимий журналдын импакт-факторун көтөрүү жана келечекте эл аралык илимий базаларга киргизүүгө жетишүү менен түшүндүрүлдү. Учурда журналдар каттоодон өтүп, Юстиция министрлигинен күбөлүктөр алынды.

Илимий журладардын жаңы сандары  менен кабардар болуп туруу үчүн  www.journal.oshsu.kg  дарегиндеги порталга катталууга чакырабыз. Журналдын башкы бетинин жогору жагындагы КАТТАЛУУ шилтемеси бар. Катталуу аркылуу  журналдын ар бир жаңы санынын мазмунун электрондук почта аркылуу алууга мүмкүндүк аласыз.

 

Фото галерея