Адрес | Ош шаары, Ленин көчөсү 331 |
Телефон | 0(3222)7-08-10 0773 34-00-75 |
Факс | 0(3222) 7-09-15 |
Веб-сайт | |
masharipova @oshsu.kg |
Шарипова Мастурахан Сайпидиновна
Туулган күнү,айы,жылы: 18- май 1971-жыл
Туулган жери: Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арал айылы
Билими: 1989-1994-жылдары ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде билим алган.
Иш тажрыйбасы :
Эмгек ишмердигин 1994-жылы ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасында окутуучу болуп баштаган.
1997-2000-жылдары кыргыз тилин жана адабиятын улуттук мектептерде окутуу кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенген.
2000-2005-жылдарда кыргыз филологиясы факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары болгон.
2005-2008-жылдарда тарбия жана контрак иштери боюнча декандын орун басары болгон.
2011-2019-жылдары кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти болгон.
2019-2020-жылдары ОшМУнун Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы болгон.
2020-жылдын декабрынан тартып ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору болуп дайындалды.
Сыйлыктары:
КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы (2008)
Ош мамлекеттик университетинин Ардакграмотасы (2009);
Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы (2010);
КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Эл агартууну нмыктысы төш белгиси (2012);
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2019)
Илимий эмгектери:
2011-жылдын 7-апрелинде ф.и.д., профессор С.Рысбаевдин жетекчилиги астында «Өзбек мектептеринде кыргыз алиппесин окутуунун методикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
2014-жылдын 25-декабрында КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечимименен “Тил илими” адистиги боюнча доцентти килимий наам ыйгарылган.
Байланыш: 0(3222)7-08-10
0773 340 075 e-mail: masharipova1871@mail/ru