Музей

Музей

2012-жылы 27-февралда ОшМУнун мурунку ректору К.А. Исаковдун демилгеси менен окуу жайдын башкы имаратында университеттин тарыхый музейи ачылган. Музей заманбап жасалгалоо ыкмаларында жасалып, университеттин 1939-жылдан берки басып өткөн бай тарыхы, Ош шаарында университеттин факультеттеринин жайгашуусуy көрсөткөн шаардын картасы да камтылган.

Ошондой эле ОшМУнун окуу имараттарын көрсөткөн макеттер, факультеттер жана эл аралык байланыштары жөнүндөгү маалыматтар, окуу жайдын окумуштууларынын илимий эмгектери, мурунку ректор К.Исаковго чет өлкөлүктөрдөн берилген эстелик белектер да жайгаштырылган.

ОшМУнун музейинде улуттук нарк-насилди көрсөтүү, мекенчил сезимди күчөтүү максатында Кыргызстандын эң кооз, ыйык жерлери, саясий жана маданий , коомдук ишмерлер жөнүндөгү маалыматтар да бар.

Музейде коюлган мониторлордон окуу жайдын окумуштуулары, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, мамлекеттик сыйлык ээлери жөнүндөгү маалыматтар берилип турат. ОшМУнун студенттеринин спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк аренага алып чыгып жеңишке жетишкендигин тастыктаган грамота, медал жана кубоктор бар.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетине өмүрүн арнап, салым кошкон окумуштуу-аалымдардын, кызматкерлердин жасаган эмгектери, иштери сүрөттөр аркылуу да берилген. Учурда музей  жаңы экспонаттар менен толукталып келет.

  1. ОшМУда бүгүнкү күндө канча студент, магистранттар, аспиранттар билим алып жаткандыгы жана профессордук окутуучулук курамдын жалпы саны.
  2. Илимдин доктору, кандыдаты профессор, академиктер туууралуу малыматтар.
  3. ОшМУну өнүктүргөн жетекчилер – Ош мамлекттик университети түзүгөндөн бери жетектеп, өнүгүүгө салым кошкон жетекчилер тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр
  4. Спорттук бурч - ОшМУнун студенттери спорттук оюн зоокторунда, Эл Аралык олимпиадаларында жетишкен медал кубоктору.
  5. Тарыхта калган инсандар – тарыхый жана руханий ишмерлер тууралуу кенен маалыматтар жана сүрөттөр.
  6. Университетке жана ректорго чет өлкөдөн келген белектер.
  7. Шаарда жайгашкан ОшМУнун факультет, колледж жана жатаканаларын оной жана бат табуу үчүн атайын карта.

Идеянын автору: К.А. Исаков

Сүрөткер – дизайнерлер: У. Тешебаев, И. Кыргызбаев, М. Мамазаиров.

Текст жана сүрөт менен иштегендер: К. Калыгулов, Р. Масутов, А. Тургунбаев

 

Фото галерея