Студенттер 15 улуттун маданиятын бир сахнага алып чыгышты

Башкы Окуялар

Студенттер 15 улуттун маданиятын бир сахнага алып чыгышты

Image

21-апрелде Ош мамлекеттик университетинде “Дүйнө элдеринин маданияты” аттуу фестиваль өттү. Анда студенттер 15ке жакын улуттун маданиятын тааныштырышты.

Иш-чарага Казакстан, Орусия, Өзбекстандын Оштогу элчилери, Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жана студенттер катышты. 

Фестивалда катышуучулар ар улуттун кийимдерин, тамак-ашын, каада-салтын, искусствосун чагылдырган көргөзмөлөрдү коюшту. Сахнада Индия, Германия, Испания, Кытай, Корея, АКШ, Франция, Жапония жана башка өлкөлөрдүн маданиятына арналган бийлер, ырлар, театрлаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Жыйынтыгында атайын комиссия мыкты көрсөтүүлөрдү тандап, жеңүүчүлөргө диплом, сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалды университеттин Эл аралык байланыштар департаменти уюштурду. Максаты ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда маданий диалогду чыңдоо, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, маданий ар түрдүүлүккө урмат-сыйды калыптандыруу болууда.