Универсиада: ОшМУ жеңил атлетикадан экинчи орунду алды

Башкы Окуялар

Универсиада: ОшМУ жеңил атлетикадан экинчи орунду алды

Image

Бишкекте өтүп жаткан республикалык Универсиада-2026да Ош мамлекеттик университетинин балдар жана кыздар командалары жеңил атлетика боюнча жогорку лигада жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээлешти. 

Окуу жайдын спортчулары беш күмүш жана беш коло медал жеңип алышты. Команданы машыктыруучулар Алмазбек Казибеков, Алымкан Жамшитбекова даярдаган. 

Жеңил атлетика боюнча жалпы командалык жыйынтык төмөндөгүдөй:

  • 1-орун – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;
  • 2-орун – Ош мамлекеттик университети;
  • 3-орун – Кыргыз улуттук университети.

Универсиада-2026 11-марттан 27-апрелге чейин спорттун 15 түрү боюнча өтүп жатат.




 

Фото галерея