Көз карандысыз рейтинг: ОшМУ генералдык рейтингинде 1-орун

Башкы Жаңылыктар

Көз карандысыз рейтинг: ОшМУ генералдык рейтингинде 1-орун

Image

2022-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында  2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин жыйынтыгы боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Жыйынга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2022” программасынын жыйынтыгы боюнча ОшМУ   жалпы генералдык рейтингинде 1-орунду ээледи. Бул маалыматты тастыктаган сертификат жана атайын статуэтка менен сыйланды.

Рейтингде ОшМУнун бакалавр боюнча 26 программасы 1-орунду, 7 программасы 2-орунду ээледи. Ал эми магистратура боюнча 28 программа 1-орунду камсыздаган.

Өлкөнүн ЖОЖдорунда билим берүүнүн интернационалдаштырылышынын өнүгүшү, "Академиялык мобилдүүлүк" индикаторунун баалоосу боюнча да ОшМУ 1-орунду ээледи.

 Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин мониторинги - 2022, Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын басмаканалык активдүүлүгү жаатында ТОП-50 рейтинги да чыккан. Аталган рейтинг боюнча да ОшМУ 1-орунду ээледи.  ТОП-50гө жалпы 400гө жакын профессордук-окутуучулук курам кирсе, анын ичинен 148 окумуштуу ОшМУда эмгектенишет.

Иш-чара “Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.

Фото галерея