Динеш Пендхаркар: ОшМУдан көргөндөрүм тууралуу жакшы пикир жазам

Башкы Жаңылыктар

Динеш Пендхаркар: ОшМУдан көргөндөрүм тууралуу жакшы пикир жазам

Image

Доктор Динеш Пендхаркар ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, өз ара кызматташтыктарды бекемдөө багытында пикир алышты.

ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустарындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттары  менен таанышты. ОшМУда ишке ашып жаткан  санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш-аракеттери,  академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча маалыматтарды алды.

Доктор Динеш Пендхаркар ОшМУда медициналык кызматтын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын, өзгөчө цитологиялык лабораториянын өнүгүүсүн баса белгиледи. Ал билим берүү процессине Dimedius инновациялык санариптик мультидисциплинардык клиникасын киргизүүнү жогору баалады. “ Бул технологиялар Индиянын медициналык кеңештеринде ийгиликтүү аккредитациядан өтүүгө оң таасирин тийгизип келет. Индиянын Медициналык кеңешинин мурдагы эксперти катары ОшМУнун дубалдарынан көргөндөрүм тууралуу Индиянын медициналык кеңешиндеги кесиптештериме оң пикир жазууну убада кылам”,- деди.

Жолугушуунун алкагында окутуучуларды стажировкалардан өткөрүү, билим берүү, илим жаатындагы кызматташтыктар багытында келишимдердүү түзүү маселелери талкууланды.

Доктор Динеш Пендхаркар Индиянын онкология коомунун президенти, “Медициналык педиатриялык онкология” журналынын редактору, америкалык клиникалык онкология коомунун ички иштер комитетинин төрагасы.

 

Фото галерея