ОшМУда Кыргыз-Испан тил жана маданият борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кыргыз-Испан тил жана маданият борбору ачылды

Image

Борбор ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүнүн базасында жайгашкан. Саамалыкка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректораттын өкүлдөрү,  Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Ал эми коноктордон Испаниянын Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес баштаган делегация болду.

Кыргыз-Испан борбору эки өлкөнү жана эки окуу жайды тааныштырган маалыматтар менен толукталып, маданий баалуулуктарды да  чагылдырып турат. Борбордо студенттер испан тилин тереңдетип окуткан курстардан өтүшүп, эки өлкөнүн маданиятын дүйнөгө жайылтууга салым кошот.

Иш-чаранын алкагында 2021-2022-окуу жылында Кадис университетинен бир семестр окуп келген студенттерге сертификаттар тапшырылды.

“Иш сарапыбыздын алкагында ОшМУ менен жакындан таанышып, окуу жайдын жогорку деңгээлде экендигине ынандык. Буга чейин студенттер "Эразмус+" программасында академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишсе, бүгүнкү ачылып жаткан борбордун негизинде мындан башка да долбоорлорду пландаштырып жатабыз. Макулдашуулардын негизинде PhD программалары боюнча кош дипломдуулук тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. ОшМУнун базасында ачылган Кыргыз-Испан тил жана маданият борбору Борбордук Азиянын ЖОЖдорун бириктирип турган тарыхый борбор болуп калат деп ишенем”,-деди Испаниянын Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес.

Кыргыз-Испан тил жана маданият борборун Кадис университетинен  келип 2018-жылдан бери ОшМУда эмгектенип жаткан окутуучу Инмакулада Веласко Гомес жетектейт.  

ОшМУ Кадис университети менен "Эразмус+" программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

Фото галерея