Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдүү топ күнү-түнү нөөмөттө болот

Башкы Жаңылыктар

Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдүү топ күнү-түнү нөөмөттө болот

Image

ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү борборунун окутуучулары, ординторлору, медициналык клиниканын дарыгерлери  кыргыз-тажик чек арасындагы кооптуу абалдан эвакуацияланган үй-бүлөлөргө медициналык жардам көрсөтүүнү баштады.

Мобилдүү топ жарандарды жеринен медициналык кароодон өткөрүп, кеңеш берип, зарыл дары-дармектер менен камсыздашууда. Алар жарандар жайгашкан жатаканаларда күнү-түнү нөөмөттө турушат. Мобилдүү топту ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева жана медициналык клиниканын директору Жазгуль Иметова жетектөөдө.

Андан сырткары медицина факультетинин ички оорулар 3 кафедрасынын окутуучулары волонтер студенттер менен биргеликте ОшМУнун жатаканаларына жайгашкан жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүп жатышат.

Фото галерея