"ОшМУ Баткен менен" штабы 24 саат бою иштеп жатат

Башкы Жаңылыктар

"ОшМУ Баткен менен" штабы 24 саат бою иштеп жатат

Image

 Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандарды  ОшМУ тарабынан даярдалган жатаканаларга жайгаштыруу уланууда. Окуу жайда  психолог жана медицина кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топ иштеп жатат.

“18-сентябрь саат 10-00гө карата жалпы 326 адам жайгашты. Алардын ичинен 22 жаранды жакындары Бишкек шаарына алып кетишти. Учурда 304 жаран окуу жайдын жатаканаларында турушат. Аларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат. Жамааттын колдоосу менен чогулган акча каражатына эң зарыл болгон гигиеналык каражаттар, ич кийимдер, идиш-аяктар алынып  шарттар толук каралып жатат. Жаш бөбөктөр менен психологдорубуз иштеп, ар кандай көңүл көтөрүүчү иш-чаралар аткарылууда. 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү 80ден ашуун жаран келип жайгашты. Ысык тамак уюштуруп берем деген ыктыярчылардын, кесиптештерибиздин  саны арбын болууда, берешен элибизге таазим этсе болот ”,-деди "ОшМУ Баткен менен" штабынын жетекчиси, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.

Байланыш номерлер:

0773772259

0775076189

0772685768

Фото галерея