Президент БУУнун трибунасында 

Башкы Жаңылыктар

Президент БУУнун трибунасында 

Image

Президент Садыр Жапаров кечээ 20-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сүйлөдү. 
Жалпы дебаттар башталаардын алдында Мамлекет башчысы менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш учурашты.
Алгач Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан улам кыргыз-тажик чек арасындагы болгон кагылышуу тууралуу айтты.
•    2022-жылдын 14-15-16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болду; 
•    Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасады;
•    Жарандык жана аскердик объектилерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди;
•    Материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан мекен үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандардын ордун толтура албайт экенсиң; 
•    Тажикстан тараптын себепсиз жасаган мындай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди капа кылууда, анткени эки өлкөнүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу;  
•    Биз тажик тарап менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз; 
•    Сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму, ЖККУ сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз;
•    Тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар;
•    Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз;
•    Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз; 
•    Дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз; 
•    Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайт, бирок өз жерибизден бир да сантиметр бирөөгө бербейбиз;
•    Бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз;
•    Биз сүйлөшүүлөргө,  чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз.
Ошондой эле, өлкө башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маанилүү региондук долбоор экендигине да токтолду.

Фото галерея