ОшМУнун 85 жаштагы студенти: Билим алуу кеч эмес

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 85 жаштагы студенти: Билим алуу кеч эмес

Image

85 жаштагы Мамат Кулматов аксакал учурда ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 1-курста окуп жатат.
Аны менен баарлашканыбызда буга чейин ал 76 жашында  Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктагынын айтты. Жаш мезгилинде болсо,  айыл-чарба техникумунда окуп,  аграном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаны уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.
"ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем”- дейт өз сөзүндө.
Үй-бүлөнүз билим алууга болгон кадамыңызга кандай карады деген сурообузга, "Ушул жашыңызда окубай эле коюңуз деген пикирлерин айтышты. Бирок алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө сөз берген элем дарыгер болом деп"- деген аксакал, байбичем да илимди танда же бизди танда деген суроо койду дейт жылмайып.
Мамат Кулматов аксакал Байбичеси менен 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20 дан ашуун небере, чеберелери бар.
"27 жылдан бери ушул тармакта  окутуучу болуп иштесем, биринчи жолу практикамда улуу жаштагы  ата студенттим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды"- дейт органикалык химия предметинен сабак берген окутуучусу Махира Мирзаева.

Фото галерея