30-сентябрь - Эл аралык Котормочулар күнү

Башкы Жаңылыктар

30-сентябрь - Эл аралык Котормочулар күнү

Image

ОшМУда 30-сентябрь - Эл аралык Котормочулар күнүнө карата   жогорку окуу жайлар аралык  студенттик олимпиада өтүп жатат.

Иш-чараны ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева ачып “Котормочулардын эң негизги патриоттук иш аракети сиздер кайсы тилди окуп жатсаңыздар ошол тилди пайдалануу менен жарандык активист  катары өлкөбүздүн саясий-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат. Андан сырткары мамлекеттик тилдин маанисин, аброюн көтөрүп, дүйнөлүк деңгээлдеги адабий, маданий, саясий маалыматтарды которуп тил билбеген жарандарга жеткирүү менен агартуу ишин жасоо алдыңыздарда турат”,-деди.

Олимпиадага Кыргызстан эл аралык университети, Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети,  Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Ош мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институнун жана ОшМУнун 49 студенти катышып жатат.

 Студенттер 1-турда видео материалдарда жана  текстте берилген маалыматты жазуу түрүндө которушат. Биринчи турдан жогору упай алган катышуучулар 2-турда угуу аркылуу оозеки которушат, ал эми 3-турда синхрондук котормо жасашат.

Жеңүүчүлөргө “Эң мыкты котормочу” деген наам, дипломдор тапшырылат.  Ошондой эле котормочулардын ассоциациясына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Университеттер аралык олимпиада Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасы тарабынан жыл сайын демилгеленип уюштурулуп келет.

Фото галерея