Университетте венгер таануу кафедрасы ачылат

Башкы Жаңылыктар

Университетте венгер таануу кафедрасы ачылат

Image

18-октябрда Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Ласло Дароци баштаган делегация окуу жайга келди. Алар ректор К.Кожобеков менен жолугуп, кол коюлган Өкмөттөр аралык макулдашууга жана кыргыз-венгер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча Ведомстволор аралык планга ылайык, ОшМУнун базасында венгер таануу кафедрасын  ачуу маселесин талкуулашты.

Буга чейин Венгрия Элчилиги менен Ош мамлекеттик университетинин ортосундагы расмий кат алмашуунун натыйжасында жана элчиликтин көмөгү менен 2021-жылдын март айында Эл аралык мамилелер факультетинде Венгер тили жана маданияты борбору түзүлгөн.

Бул борбордун ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий, илимий жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Тактап айтканда, эл аралык мамилелер факультетинин студенттерине венгер тилин үйрөтүү, венгер маданияты боюнча түрдүү маданий иш-чараларды уюштуруу каралган. Ошондой эле, бул борбор ОшМУ менен Венгриянын ЖОЖдорунун байланышын кеңейтүүгө салым кошот.

Учурда Венгериядан келген венгер тили мугалими Давид Киралы студенттер менен активдүү иштешип, венгер тилин жана маданиятын үйрөтүүдө.2022-жылы 1 студент Венгриядагы Балаши жайкы мектеп программасына барып келген. Ал эми  2022-2023-окуу жылында Венгриянын университеттеринде Hungaricum программасы боюнча Эл аралык мамилелер факультетинин 3 студенти билим алууда.

Борборду  кийинчерээк венгер таануу кафедрасына  айлантуу менен венгер тануу адистигин ачуу пландалууда. Муну менен Ош мамлекеттик университети Венгрия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы алаканы өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо.

Фото галерея