Кыргыз коомундагы салттуу институттар: үй бүлө, аксакалдык, элдик курултай

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз коомундагы салттуу институттар: үй бүлө, аксакалдык, элдик курултай

Image

ОшМУда «Кыргыз элинин коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбасындагы салттуу институттар: үй бүлө, аксакалдык, элдик курултай» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. 
Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардагы ЖОЖдордун ректорлору, ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жай жамааты, илимпоздор катышты. 
Илимий-практикалык жыйында кыргыз коомундагы салттуу институттар болгон үй бүлө, аксакалдык, элдик курултай жана анын саясий салттык негиздери, кыргыз башкаруу системасындагы курултайдын орду жана каада-салт, нарк-насили боюнча баяндамалар жасалды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2022- жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Элдик Курултайдын маани-мазмуну маселелерине арналып өткөрүлдү.

Фото галерея