Бокс боюнча турнирде ОшМУнун спортчулары 2 автоунаа утуп алды

Башкы Жаңылыктар

Бокс боюнча турнирде ОшМУнун спортчулары 2 автоунаа утуп алды

5-9-октябрда Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган бокс боюнча XI эл аралык турнир болуп өткөн.  Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иран жана Кыргызстандан 150дөн ашык спортчу катышып, 13 салмак категориясы боюнча күч сынашкан.

Аталган мелдеште ОшМУнун студенттеринен турган төрт мушкер 1-орунду, бир мушкер 2-орунду ээлеген. Алардын ичинен эки мушкер 57 кг салмактагы Азизбек уулу Баяман, 63,5 кг салмакта Жантөрө Ташиев демөөрчүлөр тарабынан  коюлган 2 автоунааны утуп алышкан. Жеңишке жеткен жалпы спортчулар бокс боюнча спорт чебери наамдарына да ээ болушту.  

Бул тууралуу толук маалыматты ОшМУнун «Үмүт» телестудиясы таранынан даярдалган көрсөтүүдөн тааныша аласыздар.